Орунтаев Ошко барып, 2 кабаттуу тамактануучу жайды буздурду (видео)

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында бир катар мыйзам бузууларды аныктап, жеринен чаралар көрүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Ош шаарындагы Гапар Айтиев, 16А көчөсүндө жайгашкан жеңил тамактануучу жайдын 2 кабаттуу имаратынын курулушу соттун чечиминин негизинде мыйзамсыз деп табылып, буздуруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Курулушту тартипке келтирүүнү директор жеке өзү көзөмөлдөдү. Андан сырткары, ар бир курулуш же имаратты пайдалануу мыйзам талаасында гана жүргүзүлөрүн эскертти.