Ошко Бишкектен троллейбустардын алгачкы партиясы жеткирилди

Ошко Бишкектен троллейбустардын алгачкы партиясы жеткирилди. Алып келинген 6 троллейбусту Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көрүп чыкты.

Жалпысынан Ош шаарына 100 троллейбус жеткирилет. Кийинки жумада дагы 10 троллейбусту алып келүү күтүлүүдө. Бул троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттатуу болжолдонууда. Аталган багыт троллейбустардын жаңы үчүнчү каттамы болуп калат.