Ошко Өзбекстандан жеке ишкерлер келишти

Ош шаарында ишкерлердин жолугушуусу болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

«Бүгүн, 24-август күнү Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрү менен Ош шаарындагы жеке ишкерлер жолугуп, тегерек стол өткөрүштү. Анда эки тараптуу кызматташуу, бизнес ачуу туурасында сөз болду. Ош шаарына келген делегация шаардагы бир катар өндүрүш ишканаларына барып, ишкерлер ортосунда келишимдер түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун алкагында калаа башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыктар экендигин билдирген.