ОшМУнун медициналык клиникасында ракка чалдыккан бейтапка операция жасалды

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Операция 4 саатка созулуп, аны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жанек Белеков жана онколог-хирург Өмүрбек Алишов жасады.

Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасында түрдүү операциялар жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.