«Ошондон кийин сүрөткө түшкөн жокпуз». Бейшеналиев Нарында аялдан эмнеге тил укканын айтты

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Нарындагы окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине комментарий берди. Анын айтымында, окуя кечээ, 17-июнда Нарында болгон.

«Кечээ, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова менен Нарын шаарында жугуштуу оорулар ооруканасын ачканы барганбыз. Оорукана абдан мыкты салыныптыр. Дарыгерлерге жыйын өткөрүп чыгып баратканбыз. Андан кийин дарыгерлер чогуу сүрөткө түшүүнү суранышты жана алардын өтүнүчү боюнча сүрөткө түшүп коёлу дегенбиз. Бирок ошол жерден эле бир аял кыйкыра баштады. Ошондон кийин сүрөткө түшпөйбүз деп кетип калдык», — деди ал.

Кечээ күнү Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова да катышкан эле. Ал эми бүгүн, 18-июнда социалдык тармактарга «Сүрөткө түшкөнү келдиң беле?» деп Бейшеналиевге аялдын ачууланып жаткандагы видеосу тараган.