Ошто 13 жаштагы өспүрүм мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат

Ошто 2011-жылы туулган Мухамадазиз Юсупов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-мартта милицияга Мады айылынын 1982-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, 2011-жылы туулган Мухамадазиз Юсупов аттуу уулу 14-мартта мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Кийген кийимдери: кара спорттук кийим, оң көкүрөгүндө БМВ автоунаасынын эмблемасы бар.

Белгилери: чачы кара, өңү саргыч, бою 160-165 сантиметр.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, (03222) 5-31-19, 0702 01 10 10, 0553 54 10 10 номурларына чалсаңар болот.