Ошто 15 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалышы. Милиция маалымат берди

Буга чейин Акыйкатчы институту маалымат таратып, Ошто 15 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалып жүргөнүн билдирген. Бул боюнча ИИМден маалымат беришти.

«Ош шаарынын жашы жете элек тургунун бир топ балдар менен кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз физикалык күч колдонуп сабашып, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат алышкан. 23-август күнү жогорудагы окуя Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери башталган. Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жабырлануучуга соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Мындан аркы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучуну ур-токмокко алууга катыштыгы бар 2003-жылы туулган Э. Б. жана Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 1997-жылы туулган У. Х. такталып, тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, далил катары видеолор алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет»,- деп айтылат маалыматта.