Ошто 15 жаштагы өспүрүм дайынсыз. Аны акыркы жолу канал жээгинен көрүшкөн

8-декабрь күнү 2008-жылы туулган Ноокат районунун Гулистан айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинде көрүшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылды.