Ошто 15 жаштагы өспүрүм катуу уктап калгандыктан апасы куткаруучуларды чакырган

Кечээ, 1-ноябрь күнү саат 23:31де «112» кызматына Латипжанов көчөсүндө жайгашкан батирде 15 жаштагы баласы эшикти ачпай жатканын айтып, апасы куткаруучуларга кайрылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен айнектен кирип эшикти ичинен ачып беришкен. Бала катуу уктап калгандыктан эшикти ачкан эмес, акыбалы жакшы.

Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.