Ошто 16 жаштагы Асемай Полотова дайынсыз болуп жатат

Өзгөн районунда 16 жаштагы Асемай Полотова дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз 28-ноябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Кызыл-Сеңир айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин кайрылып барган эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, көзү күрөң, чачы кара. Үстүндө кара күрмө, ак көйнөк, галстук, кара юбка, кара кышкы бут кийим болгон. Изделип жаткан адам тууралуу маалыматы барлар 0323350636, 0555207776, 0504445541 номурларына чалса болот.