Ошто 18 жаштагы кыз 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

19-декабрь күнү милицияга Өзгөн районунун 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 13-декабрь күнү саат 12:30 чамасында 2005-жылы туулган кызы Эргашбаева Малика Бахтиёржановна үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.
Кийген кийимдери: күрөң түстөгү шапка, кара түстөгү күзгү куртка, кара түстөгү шым, ак түстөгү спорттук бут кийим (кроссовка).
Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орто, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы күрөң, оң көзүнүн алдында жана эгинде калы бар.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03233 5-06-36, 0550 33 43 23, 0777 11 63 93, 0552 31 36 33 номурларына кайрылсаңар болот.