Ошто 43 окуучу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
«Белгисиз нерсеге ууланышкан. Алардын 18и ооруканага жаткырылган. Калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Азыр консилиум болду. Анын чечими менен 14 окуучу ооруканадан чыгат, ал эми төртөө дарылануусун улантат», — дешти.