Ошто 19 жаштагы жарандын колу эт туурагычка кирип кеткен

Бүгүн, 2-сентябрда Ош облустук ооруканасында 2006-жылы туулган жаран эт туурагычка колун кыпчып алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти. Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.