Ошто 2 жана 4 жашар бала бекилип калган батирде калып калган

Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон. Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.