Ошто 2 жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүм бүгүн да изделет

8-декабрь күнү 2008-жылы туулган Ноокат районунун Гулистан айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинде көрүшкөн. 20-декабрь күнү жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 21-декабрь күнү улантылат.