Ошто 20 жылдыкка барган аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды

Кечээ, 27-майда социалдык тармактарда 20 жылдыкка барган аялды кызганычтан жолдошу атып өлтүргөнү тууралуу маалымат тараган. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.Маалыматка караганда, 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун 1987-жылы туулган тургуну денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Кулжа РИИБге жөнөтүлгөн.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1985-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.