Ошто 20 миң түп жоогазын гүлүн ачты

Ош шаарынын көчөлөрүн жоогазын гүлдөрү кооздой баштады. Учурда калаанын алты аймагына эрте жаздагы жоогазындар отургузулуп, шаарга өзгөчө көрк тартуулоодо.
Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты тарабынан быйыл калаа аймагына 1,5 миллион түп бир жылдык гүлдөрдү отургузуу пландалууда. Азыркы тапта шаар көркүн ачып турган жоогазындардын саны 20 миң түптү түзөт.