Ошто кош бойлуу аял дааратканада төрөп, ымыркай дааратканага түшүп жан берген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Амир-Тимур кичи районунун жашоочусу 2002-жылы туулган келин дааратканага барган учурда мөөнөтүнөн мурда 7 айлык баласы төрөлүп, ажаткананын ичине түшүп кеткен.
Жерине ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, наристенин сөөгүн алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.