Ошто 21 жаштагы Зебона Тешаева дайынсыз болуп жатат

1-апрель күнү милицияга Ош шаарынын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү кызы 2003-жылы туулган Тешаева Зебона Абдурашитовна үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Кийген кийимдери: күрөң түстөгү жоолук (хиджаб), кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0558 82 48 80, 0553 54 10 10, 0557 54 00 30, 0999 71 00 30 номурларына чалсаңар болот.