Ошто 22 жаштагы келин изделип жатат. Ал үйдөн чыккан бойдон дайынсыз

13-апрель күнү милицияга Өзгөн районунун 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 4-апрель күнү саат 19:00 чамасында келини 2002-жылы туулган Жаңыбай кызы Албина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: көгала түстө спорттук кийим, гүлдөрү бар сары түстөгү узун көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим, ак түстөгү жоолук (хиджаб).

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03233 5-06-36, 0550 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93 номурларына чалсаңар болот.