Ошто 22 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашап жатат (видео)

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында жер көчкү коркунучу бар аймакта 22 үй-бүлө жашап жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 9-август күнү алар менен ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгыны адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушту.

Жумушчу топ жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атайын эскертме баракчаларын таркатышты. Аталган айылда жашоого мүмкүн эместиги боюнча буга чейин бир нече жолу эскертүү берилген.