Ошто 24 жаштагы Гаухар май айында үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Ошто 24 жаштагы кыз 26-майдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Ош шаарынын 55 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 26-май күнү саат 10:00 чамасында 24 жаштагы кызы Жолболдуева Гаухар Толкуновна Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон, дайынсыз жок болуп жатканын билдирген.

Кийген кийимдери: боз түстөгү жеңи узун кофта, астында кызыл түстөгү шым, бутунда кара түстөгү балетка.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы узун жана кара.

Дайыны белгисиз кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү номерлерге кабарлоону суранышат: 03232 5-31-81, 03222 5 81-28, 0553 54-10-10, 0778 18-19-20, 0755 16-04-91.