Ошто 25 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

Кечээ, 21-октябрда Ош облустук төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө 1996-жылы туулган келин көз жумду. Маалыматты журналисттерге ооруканадан тастыкташкан. 

15-октябрда келин Кара-Суу райондук төрөт үйүнөн которулган. Медициналык мекеме кошумчалагандай, өлүм курч терминалдык лейкемиянын (кан рагы) терминалдык стадиясынан улам болгон. Маалыматтарга караганда, бул анын үчүнчү төрөтү болгон.