Ошто 29 жаштагы футбол машыктыруучусу көз жумду

Ош шаарында 29 жаштагы футбол машыктыруучусу иш бөлмөсүндө көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал жүрөк оорусу кармап каза болгон. Милиция экспертиза дайындалганын билдирди.