Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ак-Тилек кичи районунун тургуну, үч эмдердин үй-бүлөсүнө мэриянын атынан 3 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу Ош мэриядан билдиришти.
«Бул бүлөдө үч эмден сырткары 1 кыз, 5 уул тарбияланып жатат»,- деп айтылат маалыматта.