Ошто 3 эм эркек төрөлдү (сүрөт)

Ош шаарындагы менчик төрөтканалардын биринде 25-октябрда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу аталган төрөткананын соцтармактагы баракчасында жазылат.

Маалыматка карганда, учурда эненин жана балдардын ден соолугу жакшы. Эненин абалына байланыштуу операция жолу аркылуу уул балдар жарыкка келген. Балдардын салмактары 2 килограмм 400 грамм, 2 килограмм 500 грамм, 2 килограмм 460 грамм. Ымыркайлар учурда төрөт үйүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө экени айтылды.