Ошто 3 миң окуучу англис тилинде Манас айтты

Бүгүн, 25-апрелде Оштогу борбордук аянтта мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айттуу боюнча республикалык кароо-сынагы өттү.

“Манас” эпосун даңазалоо максатында уюштурулган сынакка жалпы 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты. Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик каалашып, мындай иш-чаранын Ош шаарында өтүшү чоң сыймык экенин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык баракчаларды жана төш белгилерди тапшырышты.