Royal
SerepTV Logo

Ошто 33 жаштагы кыз сойкукана уюштурган. Анда 20 жаштагы кыз "кызмат көрсөтүп" жүргөн

Ошто 33 жаштагы кыз сойкукана уюштурган. Анда 20 жаштагы кыз "кызмат көрсөтүп" жүргөн
Массаждык салондун атын жамынып, башка кызмат көрсөткөндөр аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Башкармалыктын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде 8-декабрь күнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү үй текшерүүгө алынган. Аталган дарек “Массаждык салон” катары ачылып, бирок ал сойкулук жасоо үчүн көмүскө жай экендиги аныкталган. Аны уюштурган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 1990-жылы туулган тургуну жана анда кызмат көрсөткөн Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ош шаардык соту тарабынан сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштурганга шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну 1990-жылы туулган жарандын баш коргоо чарасы 10-декабрь күнү Ош шаардык сотунда каралып, 10-январга чейин абакта кармоо юоюнча чечим кабыл алынган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="218486,218487"]