Ошто 33 жаштагы кыз сойкукана уюштурган. Анда 20 жаштагы кыз «кызмат көрсөтүп» жүргөн

Массаждык салондун атын жамынып, башка кызмат көрсөткөндөр аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Башкармалыктын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан алынган ыкчам маалыматтын негизинде 8-декабрь күнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү үй текшерүүгө алынган. Аталган дарек “Массаждык салон” катары ачылып, бирок ал сойкулук жасоо үчүн көмүскө жай экендиги аныкталган.

Аны уюштурган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 1990-жылы туулган тургуну жана анда кызмат көрсөткөн Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Ош шаардык соту тарабынан сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштурганга шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну 1990-жылы туулган жарандын баш коргоо чарасы 10-декабрь күнү Ош шаардык сотунда каралып, 10-январга чейин абакта кармоо юоюнча чечим кабыл алынган.