Ошто 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева бир жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Ошто 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Өзгөн районунун 66 жаштагы тургуну кайрылып, 28-июнь күнү саат 08:00 чамасында 34 жаштагы келини Өзгөн районунун Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатканын билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 29-июнда Өзгөн РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө жашыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, бутунда боз түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орто бойлуу, кара тору, кашы-көзү кара, чачы узун кара түстө.

Жоголгон жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 334323, 0504 445541 номурларына чалсаңыздар болот.