Бүгүн, 22-октябрь күнү саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүндө өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жетип, саат 06:25те чектөөгө алып, 09:46да толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, үйдө электр жылытуучу аспап колдонулган. Өрт Он-Адыр аймагында жайгашкан үйдөн чыккан. Үйдө оңдо иштери жүрүп жаткан. Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда жарандардын жансыз денелери күйүк абалда табылган. Кырсыктын кесепетинен 6 адам — 34 жаштагы келин жана анын 5 баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон. Жолдошу Кореяда иштеп жаткан.