Ошто 5 жаштагы бала дарыяга чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Сай айылындагы Тар дарыясында катталган. 2017-жылы туулган бала дарыяга түшүп кеткен. Жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.