Ошто 60 жылдан кийин асфальт басылган эки көчө пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Керме-Тоо аймактык башкармалыгындагы Саидов жана Моминова көчөлөрү кеңейтилип, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Бул кесилишкен көчөлөргө 60 жылдан кийин быйыл мэрдин тапшырмасы менен асфальт төшөлүп, жолу кеңейтилди. Жолдун эки четине тротуарлар жасалып, лотоктор орнотулду. Моминова көчөсүнүн узундугу 1,6 чакырым, кеңдиги 20 метрге жетет. Ал эми Саидов көчөсүнүн узундугу 1,2 чакырым, кеңдиги 23 метрге чейин.