Ошто 60 метрлик желек сапта туу көтөрүлдү

default

Бүгүн, 31-августта «Сулайман-Тоо» тарыхый мемориалдык комплексинин алдындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду.

Желек саптын узундугу 60 метр, желектин узундугу 22.5 метр, туурасы 15 метрди түзөт.