Ошто 7 ай ичинде жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземи өттү

default

Садыр Жапаров кечээ, 15-ноябрда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземине катышты.

Президент Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Дөбө районунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салды. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырып жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүү менен айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын айтып берди. 2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоого милдеттенсе, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган. Ошол макулдашуунун жыйынтыгында жалпы жонунан 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, ал жерге Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы бул макулдашуу коңшу мамлекет менен достук жана боордоштук мамилелерге негизделген тышкы саясаттын туура нукта баратканынын белгиси экенин баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө жаңы айылдагы жасалган инфраструктуралык иштерге басым жасады: 101 турак үй курулуп, жер астынан таза суу чыгарылып берилди, көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылып, электр кубаты жетип олтурат. Жаңы-Барак айылында социалдык объектилер: бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил багы, мечит, футбол талаасы, жашылдандыруу эске алынган. Келерки жылкы түшүмдүн камын көрүү максатында айдоо аянтчалары бөлүнүп, учурда 50 гектар жерге дыйкандар күздүк буудайын сээп алышты, бул болсо айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жол ачат.

Өлкө башчысы ушул жылдын 6-май күнү Жаңы-Барак айылынын курулушу башталганын, 7 ай өтпөй анын жашоочулары заманбап, бардык шарттары бар турак жайлуу болгонун белгиледи. Бул айылдын түптөлүшү айыл тургундары үчүн гана эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да маанилүү кадам экенин айтты. Ошондой эле Садыр Жапаров бул айылда көп кабаттуу үй куруу каралганын, кийин Жаңы-Барак айылынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин белгиледи.