Ошто 81 жаштагы карыя 3 күндөн бери дайынсыз болуп, изделип жатат

Ошто 81 жаштагы карыя дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

23-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Агартуу айылынын 1942-жылы туулган тургуну Бекен Туратов Ош шаарын көздөй бара жаткан маршруттук каттамга чыгып, Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү Ош облустар аралык ооруканасынын аялдамасынан түшүп, белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Ак жүздүү, арык, бою 165-170 сантиметр, чачы жок, сакалы ак түстө, кашы жок, көзү көк.

Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү көйнөк, оймосу менен жеңи кыска чыптама, башында оймолуу допу, бутунда кара түстөгү көлөч, көк түстөгү шым.

Жогорудагы жоголгон жарандын жүргөн жерин же болбосо кандайдыр бир маалыматтар болсо, 0(3222) 6-64-02, 0(3222) 4-82-82 номурларына чалсаңар болот.