Ошто айдоочу унаанын багажнигине баланы коляскасы менен кошо салып алгандагы сүрөт тарады

Соцтармактын колдонуучусу айдоочунун унаанын багажнигине баланы коляскасы менен кошо салып алганын жазып чыкты.

«Шумдук. Унаанын айдоочусу сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылыш керек»,- деп жазды ал.

Маалыматка караганда, сүрөт Ош шаарында кечээ, 13-июлда 15:00 чамасында тартылган.