Ошто Айт намаз кандай өттү? Бийиктиктен тартылган видео

default

Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 28-июнь күнү Курман айт намазы окулуп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Майрамдык Айт намазга жалпысынан 10 миңге жакын адам катышты. Ош шаардык милициясынын маалыматы боюнча, шаарда жайгашкан 84 мечиттин 45инде жана борбордук аянтта айт намаздары окулду. Эч кандай терс окуя-көрүнүш катталган жок.

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыркы жылы Курман айт 9-июлда майрамдалган.