Ошто апасы тарабынан аёосуз сабалган эгиз кыздар азыр кайда? Укук коргоочу жооп берди

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова менен байланышканыбызда, апасы тарабынан сабалган эгиз кыздар атасында экенин айтты.

«Кыздар атасында. Атасы Москвадан келип, кыздарын алды. Экөө мурда ажырашып кетишкен экен. Ал эми кыздардын апасы соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды», — деди ал.

Социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тараган. Видеодон аял кишинин кичинекей балдарын уруп, тилдеп жатканын көрүүгө болот. Интернетке тараган маалыматтар боюнча видео Ошто тартылган. Маалыматтарга караганда, келин жолдошу менен ажырашып кеткен. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден маалымат беришкен.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө балдарды уруп жаткан аял Араван районунун Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө келин видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген. Кылмыш иши козголуп, келин камакка алынды», — дешкен.