Ошто ата-энеси жок балдарга белектер тапшырылды

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имамы Умарали Муратов райондогу ата-энеси жок балдарды чогултуп, аларга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен сый-тамак уюштурулуп, белектерди тапшырды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Бул иш-чара ысырапкорчулукка жол бербөө максатында башкаларга үлгү болушу үчүн уюштурулду. Биздин максатыбыз той-аштарды өткөрүүдө ашыкча чыгым кылуунун ордуна чыныгы муктаждарга жардам көрсөтүү керектигин элге түшүндүрүү болуп саналат. Ошондой эле жетимдердин аз да болсо көңүлүн көтөрүп, алар менен биргеликте эл-журттун аманчылыгы, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн дуба кылдык», – деп билдирди ал.