Ошто ата-энеси тарабынан тилемчиликке чыгарылган 6 өспүрүм аныкталды

Ош шаарында тилемчиликке каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Тилемчи» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 14 административдик укук бузуу фактысы катталып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Мындан сырткары, ата-энеси тарабынан тилемчиликке чыгарылган 6 өспүрүм балдар үйүнө жайгаштырылып, социалдык коргоо кызматтарына 10 маалыматтык кат жөнөтүлдү.

Ошондой эле кызматкерлер лөлү тектүү жарандардын жашаган аймагына барып, ар бир үйгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тилемчилик кылбоонун мыйзамдагы жоопкерчиликтери кеңири түшүндүрүлдү.