Оштогу Навои сейил багындагы аттракциондон кулаган кыз көз жумду. Маалыматты Ош облустук милициясынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык 21-сентябрда саат 13:30 чамасында болгон. Тез жардам кызматына аттракциондон кулап кетип, ооруканага жетпей каза болгон кыз тууралуу чакыруу түшкөн. Каза болгон жарандын Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.