Буга чейин Ошто 43 окуучу Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени, анын 18и ооруканага жаткырылганы маалым болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги, 30-мартта алардын 14ү оруканадан чыгарын, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун айтышкан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен окуя тууралуу маалымат беришип, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгонун билдиришкен.
«4 окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Балдардын абалы жакшы. Бир окуучу ата-энесине тердейм деп айткан окшойт. Ата-энеси Орусиядан атыр ала келишкен экен. Ошону дайыма жанында алып жүрчү экен. Аны класстагы бир шок досу класска чачып жиберген», — деген.
Бүгүн, 4-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, баардык окуучулар оорукандан чыгып, сабакка барып жатканын билдиришти.