Ошто августтан бери Мээримгүл Бопоева дайынсыз болуп жатат

Дайынсыз жоголгон Ош шаарынын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө 23-август күнү 1967-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2024-жылдын 14-август күнү саат 23:00 чамасында Ош шаарынын Учар айылынын Т.Сатиев көчөсүнүн №66 үйүнөн сиңдиси 1982-жылы туулган Бопоева Мээримгүл Шаматовна үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо (03222) 6-27-57, 0559-99-90-72 номурларына чалсаңар болот.