Ошто аюу өлтүргөн чек арачынын эжеси анын кичинекей кызына кенемте жана жөлөк пул сурады

Ошто аюу кол салып өлтүргөн чек арачынын эжеси Миргүл Рыскулова маркумдун кичинекей кызына кенемте жана жөлөк пул сурады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 9-сентябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өкүлчүлүк манен биргеликте Чоң-Алай районунунун жашоочулары менен жолугушкан. «Анын артында 9 айлык кызы калган. Ал 18 жашка чыкканга чейин жөлөк пул төлөнгүдөй кылып жана кенемте төлөп берүүнү суранам»,- деди эжеси.

Чек ара кызматынын өкүлү бул боюнча комиссия иш алып барып жатканын айткан. Ошондой эле кенемте маселеси чечилерин убадалашкан.

19-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Түштүк-Бөкбашы тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарып жүргөн 1992-жылы туулган аскерге аюу кол салган. Кесепетинен аскер оор жаракат алган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан сержант каза болгон.