Ошто бассейнге баргандан кийин алты бала ууланды

Ошто жеке бассейнге баргандан кийин алты бала ууланды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, балдарга белгисиз химиялык заттан ууланган деген диагноз коюлган.

«27-мартта биринчи төрт бала ооруканага кайрылышып, жаткырылган. Андан кийин дагы экөө кайрылды. Дарыгерлер тарабынан тийиштүү текшерүү жүрүп, балдарды дарылоодон кийин аларга үйүнө кетүүгө уруксат берилген»,— деп билдиришти аталган ооруканадан.

Ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бул уулануу иши боюнча текшерүү иштери жана экспертиза дайындалганын билдиришти.