Ошто боюн таштап жиберип, аман калган окуучу кыздын абалы дале оор бойдон

Ошто боюн таштап жиберип, аман калган окуучу кыздын абалы дале оор бойдон. Ал Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында дарыланууда. Буга чейин кызга операция жасалган, жакында дагы бир операция жасалуусу күтүлүүдө. Кыз бутуна тура элек, бирок сүйлөп, тамак жеп жатат.

17-мартта Ошто көп кабаттуу үйдөн эки окуучу кыз боюн таштап жиберип, бири мүрт кеткени маалым болгон. Ошол эле үйдөн 24-февралда окуучу бала боюн таштап, каза болгон. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, эки окуядагы үч окуучу тең Карл Маркс атындагы мектептин 7-классында билим алып келишкен.