Ошто бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

Бүгүн, 4-ноябрдан тарта шаарга жылуулук бериле баштайт. Мындай чечим 2-ноябрда кабыл алынды. Бул тууралуу Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынан маалымдашты.
Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.
Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддериндеги эшиктерди жабык кармап, үйдүн эшик терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз.
Эгерде авариялык жагдайлар пайда болсо, төмөндөгү байланыш номерлерине кайрылууга болот:
+996551113371
+996777113371
(03222) 5 07 90