Ошто дааратканага түшкөн баланы сактап калган куткаруучу аскердик наам алды (видео)

Учурда социалдык тармактарда Ошто дааратканага түшүп кеткен баланы сактап калган куткаруучунун ошол окуяны айтып берген видеосу тарап жатат.

Анда куткаруучу дааратканага түшүп кеткен 3 жаштагы бала жардам сурап жатып, эс-учун жоготоюн деп калганын айтып берет. «Бала түшүп кеткен тешиктен биз батпайбыз. Ошонун артынан чоң тешип, ошол жактан түштүк. Бетон 30 сантиметрдей болгон. Өзүмдү кыйнап эле батып кеттим. Алгандан кийин кыйкырды. Оозу-мурдун сүртүп, Тез жардам кызматына өткөрүп бердим»,- дейт Бектур аттуу куткаруучу.

ӨКМ окуя 20-сентябрында Оштун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында орун алганын билдирди. Жерине барган куткаруучулар ажаткананын тешиги кичине болгондуктан, атайы шайман менен калыңдыгы 30 сантиметр болгон бетон полун тешкен соң, Бектур ичине кирип, наристени аман-эсен алып чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган эрдигин эске алуу менен Бектур Шамшиевге 29-декабрь күнү кезексиз капитан аскердик наамын ыйгарган.