Ошто дааратканага түшкөн баланы сактап калган куткаруучу окуя тууралуу айтып берген видео тарады

Учурда социалдык тармактарда Ошто дааратканага түшүп кеткен баланы сактап калган куткаруучунун ошол окуяны айтып берген видеосу тарап жатат.

Анда куткаруучу дааратканага түшүп кеткен 3 жаштагы бала жардам сурап жатып, эс-учун жоготоюн деп калганын айтып берет. «Бала түшүп кеткен тешиктен биз батпайбыз. Ошонун артынан чоң тешип, ошол жактан түштүк. Бетон 30 сантиметрдей болгон. Өзүмдү кыйнап эле батып кеттим. Алгандан кийин кыйкырды. Оозу-мурдун сүртүп, Тез жардам кызматына өткөрүп бердим»,- дейт Бектур аттуу куткаруучу.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден бул окуя катталганын тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя 2023-жылдын 20-сентябрында Кара-Сууда катталган.